Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымат берди.
Каза болгон адамдар:
- Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 67 жаштагы эркек киши;
- № 6 шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек адам;
- Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 69-55-70 жаштагы 3 эркек адам;
- Ош шаардык клиникалык ооруканасында 52 жаштагы эркек киши;
- Жалал-Абад облустук ооруканасында 53 жаштагы эркек адам;
- Ат-Башы аймактык ооруканасында 2 жаран — 64 жаштагы эркек адам жана 55 жаштагы аял киши;
- Жайыл аймактык ооруканасында 3 жаран — 63 жаштагы эркек адам, 59-70 жаштагы 2 аял киши;
- Москва аймактык ооруканасында 49 жаштагы аял киши.
Республика боюнча коронавирус илдетинен жалпы 112 адам көз жумду.