"Манас" эл аралык аэропортунун инвестициялык өнүгүү жана эл аралык кызматташтык боюнча мурдагы вице-президенти, өкмөттүн алдындагы Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директорунун орун басары Даир Токобаев 7-июлда 34 жашында кайтыш болду. Бул тууралуу анын санаалаштары билдиришти.

Токобаев бир жумадан бери эки өпкөсү кагынып (пневмония) ооруканада жаткан. Акыркы күндөрдө абалы оорлоп кеткени белгилүү болду.

Даир Токобаев 1986-жылдын 23-июнунда Бишкекте туулган.

Кыргыз-орус славян университетин, АКШдагы Yale университетин аяктаган. Даир Токобаев өлкөдөгү бир нече саясий партияларда жана президенттик шайлоолордо саясий технолог катары иштеген.

Булак: Азаттык