Фейсбуктун Вадим Захаряев аттуу колдонуучусу Кыргызстандагы пандемия боюнча пикирин жарыялады.
"Мен албетте, кыргызстандыктар бул кыйын кырдаалда өздөрүн кайсы жагынан көрсөтүшкөнүнө дендароо болуп турам. Бүт эл биригип, ар бири колунан келген жардамын көрсөтүп жатышат. Кимдир бирөө обсервацияга имаратын берип, стационар ачса, бири азык-түлүк алып келип, тамак жасап жатат. Дагы бири СИЗ жана дары-дармек сатып алып, үчүнчүсү арзаныраагын издеп, жеткирип берүүнү сүйлөшүп, акча чогултууда. Айрымдар такыр эле кислород жаздыктарын, концентратор жана дары-дармектерди эле бекер таратып жатат. Ушул кыйын кезеңде эл 100, 1000 сомдон чогултуп жатышат, кимиси дүйнөнүн кайсы чекитинде экенине карабай.
Ушундай бири бирине жан тартуу, биримдиги менен кыргыз элинин келечеги кең болоору шексиз. Бүгүн өздөрүн көрсөткөн адамдар эртең бийликке барып калышса мамлекеттин да келечеги болот".