Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн мурдагы орун басары Кушбак Тезекбаев каза тапканын депутат Искендер Матраимов билдирди. Айтымында, Тезекбаев пневмония дартынан улам көз жумган.
Кушбак Тезекбаев Ош облусунун Кара-Суу районунда 1952-жылы туулган. 2005-2007-жылдары Ош облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы, 2012-жылы Ош облусунун губернаторунун орун басары болгон.