Премьер-министр Кубатбек Боронов КР президенти тарабынан кол коюлган медицина кызматкеринин статусу тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүлөрдү ишке ашырууну өкмөт баштаганын билдирди. Өзгөртүүлөргө ылайык медициналык кызматкерлерге жана медициналык уюмдардын кызматкерлерине категория боюнча айлык акысы, кошумча төлөмдөр 25-30 пайызга жогорулайт. 

Мисалы, реанимация, вирусологиялык лаборатория, обсерватория же мобилдүү бригада,  инфекциялык бөлүмдө иштеген дарыгерге күнүнө 2300 сом төлөнүп келген болсо, мындан ары 3000 сомго жогорулайт. Андан тышкары изоляциядан болуусун 14 күндөн 7 күнгө чейин кыскартуу сунушталган. Изоляция учурунда дарыгерге күнүнө 900 сом төлөнөт. 

Ошондо дарыгер 29 күндө жалпысынан 72 миң сом табат, мурда бул сумма 47 миң сом болчу.