Премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 7-июлда маалымат жыйынын өткөрдү. Ал учурдагы эпидемиологиялык кырдаал тууралуу маалымат берди. 

Алгач коронавирустан жана пневмониядан каза тапкан жарандардын үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. 

 "Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал өтө оор болуп турат. Бир нече күндөн бери күн сайын 300дөн ашуун оору жуктургандар катталууда. Айрым күндөрү бул көрсөткүч 500 адамга чейин жетүүдө. Коронавирустук инфекциянын кесепети болгон пневмония менен жабыркагандардын көбөйүшү кырдаалды ансайын курчутту", - деген премьер-министр Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагы буга чейин мынчалык оор жүктү артынып көрбөгөнүн эске салды. 

"Кырдаал жөнөкөй эмес, абдан олуттуу. Биз ал үчүн толук кандуу жоопкерчиликтебиз. Күн сайын жарандарыбыз медициналык жардам алууда көйгөйлөр туш келишүүдө. Ооруканалардагы кезек, ооруканалардагы орундун жетишпей жатканы - бүгүнкү күндөгү реалдуулук. Күн сайын адамдарды ооруканаларга жаткыруу үчүн жаңы орундар изделип жатат. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда эле эмес башка жактарда да күндүзгү стационардык жайлар ачылды. Бул ишке кайдыгер эмес жарандар да кошулуп, өздөрүнүн имараттарын стационарга беришип, медицина кызматкерлерине тамак ташышып, каражат чогултушуп, жетишпей жаткан медициналык аппараттарды сатып алып атышат", - деди премьер-министр. 

Ал кыргызстандыктардан массалык иш чараларды өткөрүүдөн, той жасоодон карманып, өзүн элден обочо алып жүрө турууну суранды. 

"Бизде коронавирусту жеңүүнүн бир гана жолу бар. Бардык карантиндик чараларды так сактообуз керек", - деди өкмөт башчы.