Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 6-июль күнү эртең мененки саат тогуздар чамасында укук коргоо органдарына борбор калаадагы кичи райондун биринде кыздын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барып, анын өздүгүн тастыкташты. Маркум — 2005-жылы тулган А.А. экени аныкталды. Ал алган жаракатынан улам көз жумган, тактап айтканда кыз катуу сабалган.
Ыкчам-издөө иш чараларынын негизинде шектүү катары маркум кыздын атасы — 1971-жылы туулган Б.С. кармалып, Октябрь РИИБге жеткирилди.
Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
Булак: Баракелде