Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалдын курчуп, илдетке кабылгандардын катары көбөйгөнү ар бир кеңешке кулак түрө тургандай кылды. Соцтармактарда илдетке кабылып, айыккандардын дарт менен кантип күрөшкөнүн байма бай жолуктурууга болот. Ошондой колдонуучулардын бири Рахат Аманова кеңешин калтырды. "Куралдансаң сактанганың ошол" дегендей, ар бир кеңешти көңүлгө түйүп алуу ашыктык кылбас: 

"Азыр ковид менен пневмонияны бөлүп карап атышат. Бул туура эмес. Анткени ковид катализатор катары пневмонияны козгоп атат. Катализатор ( башка ооруну козгойт) катары кызмат  кылат ковид, башка ооруларды козгойт деген баштапкы божомолум( макалада) туура чыгып атыр.Мен да кечээ эки күн температура болдум, жөтөлдүм, чыйрыктым, тамагым ооруду, чүчкүрдүм. Бирок дароо айыктым. Эмне кылдым?

1. Жан керекпи? Кыймылда! Суналып жатып алба.


Кыймыл-аракет канды айландырат. Өзүңү өзүң кара, чоң адам болгондон кийин. Билбейм, "оорудум"деп жатып алган пассивдүү күрөштү түшүнбөйм. Үйдө оокатымы кылып эле жүрдүм. Гимнастика жаса.Оку. Кино көр. Жаша кыскасы.
Дегеле ооруга маани бербе.Жашоого маани бер.


2. Азыр алма, өрүк, кайналы, жүзүм.ж.б.гүлдөрдүн жалбырактары толтура.Үч-төрт жалбыракты үзүп келип, тынбай ингаляция жаса. Оозу-мурдуңу чайка.  Туз салып ингалияция жаса. Алмак-салмак.


3.Мен аспирин гана ичтим. Анткени өзүмү карап үйрөнүп калгам.Дароо антибиотик ичкиле же укол жасаткыла. Тиги ковид организмдеги оору козгой турган бактерияларды козгойт экен. Убакыт кетирбей, микробдорду өлтүрүш керек. 


4. Терде. Гүлсана Бапыева эже эң туура айтат!Тердеш керек. Ингаляция жасап, ысык чай ичип, көл-шал тердеш керек.Тер  вирусту чыгарат.


5.Тамак жасаган майды ысытып,  пияз кууруп ичип тур бир чай кашыктан. Анан  майды ысытып, денеге ысытып, майлан. Тамакты, өпкө туштагы арка-белди майлап тур.Болбосо муздай берет өпкө тушуң, жел туруп.


6. Жылуу кийин. Сулуусунан жылуусу! Улам тердеген кийимиңди алмаштырып тур. Кийимдериңди Күнгө жай. Күн микробдорду өлтүрөт.Кудайга шүгүр, азыр жай чилдеси.


7. Күнгө кактаныш керек. Күнгө кактабаса дене ным тартып, микробдун,вирустун жерине айланат.


8.Гүльсана эже айткандай лимонбу, имбирь сууга салып, пиязды(болсо чеснокту) ичип-жеп тургула.


9.Диеата, диета жана диета! Үч күн катуу диета кармаңыздар.Эмне үчүн? Анткени организмге кирген вирус сен жеген тамак менен азыктанат. Аны эмне кылыш керек? Вирусту ачкалыкка саласың. Анткени вирус сага конкурент. Сен же вирус организмди ээлейсиң. Бактыга жараша адамга суу жагат, вируска жакпайт. Ысык лимон кошулган сууну тынбай ичиш керек.

АНАН ДАГЫ. Айыгып чыккандар чыйрыгып атабыз деп атасыңар. Чыйрыгуу- организмде, тагыраагы канда вирус бар дегенди билдирет.


Академик дагы ушуну айтат. Ошон үчүн айыгып чыккандар да диета сактап, тердеп, вирус такыр калбай калгыча- чыйрыкпай калгыча күрөшкүлө.

Кайра-кайра укол, дары-дармекти врачтар да бербейт! Боорду эзип коёт медикаменттер. Врачтар дозасы менен гана берет.Өпкөнү сактап калыш үчүн! Вирусту блоктош үчүн уколдорду берет. Калганы өзүңдөн гана көз каранды. Организмге жардам бер.

Диета- тузу(!) жок күрүч, ысык лимон суу.  Тынбай ысык суу ичип, вирусту денеңен сүрүп чыгар. Күрөш! Вирус таза кетпесе кийин кайра козгой берет! Тиги кытай ж.б. карагыла, айыкканлар кайрадан ооруган. Себеби канда вирус кала берген. Жок дегенде үч күн диета сакта.  Тамак табылат! Денеңдеги вирусту тамак берип бакпа. Чыйрыкпай калгыча үч-төрт күн чыдаса болот.


Нан, шекер, туз ж.б. тамактар КАНды коюулантып  таштайт.Кан шуулдап айланып турбаса вирустун күнү тууйт, организмдин алсыз жерине барып уялап алат, күчүнө киргиче. Ошон үчүн канды шуулдатып туруш керек. Ысык сууну тынбай ичкенге үйрөнгүлө эми.


Бу вирустарды кайдан билесиң дегендерге жооп: кайнатамын китептеринен окуп калгам. Ошо эле".