Вирустук инфекциянын жайылышын токтотуу максатында 7-июлдан 1-июлга чейин Бишкектеги "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы профилактикага жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын "Бишкек почтамт" филиалы байланыш бөлүмдөрүндөгү санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыздандыруу иш чараларын жүргүзөт.
13-июлда ишин жандандырат. Ушул күндөн тартып социалдык төлөмдөрдү жеткирүү иштери улантылат. Ошондуктан аталган ишкана жарандарды байланыш бөлүмдөрүнө келүүдө жөнөкөй эрежелерди аткарууга чакырат. Бөлүмгө анын аянтынын көлөмүнө жараша саналуу адам гана кире алат, киргендер 1,5 метр аралыкты сактоосу кажет. калгандары эшикте күтүп туруусу керек. Ошондой эле жарандар бет кап тагынышы зарыл.