Бул тууралуу 7-июлда брифингде коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Каза тапкан бейтаптар:

  • Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 85 жаштагы эркек киши;
  • Ош облустар аралык ооруканасында 79 жаштагы эркек адам менен 62 жаштагы медкызматкер;
  • Ысык-Көл облустук ооруканасында 61 жаштагы эркек киши (дарыгер-педиатр);
  • Жалал-Абад облустук ооруканасында 58 жаштагы эркек адам;
  • Жайыл аймактык ооруканасында 57 жаштагы эркек киши.

Ошону менен жалпы каза болгондордун саны 99 кишини түздү.