Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат билдирди.
Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 8141 адамга жетти.
Ал эми, 73 адам коронавирус оорусунан сакайып, ооруканадан чыгарылды.
Жалпысынан айтканда өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2916 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 229 адам;
- Чүй облусунда 84 адам;
- Ош облусунда 23 адам;
- Ош шаарында 32 адам;
- Жалал-Абад облусунда 47 адам;
- Баткен облусунда 10 адам;
- Нарын облусунда 11 адам;
- Ысык-Көл облусунда 13 адам;
- Талас облусунда 1 адам.