Call-борборго келген каттардын биринде 60тан ашкан адамдар өпкөсүнүн 28 пайызы жабыркаганына карабай ооруканага жата албай жатышканы айтылган. 

"Ата-энем 60 жашка чыгышты. 10 күндөн бери ооруп жатышат. Белгилердин баары коронавирустукуна окшош. Төрт күн мурда анализ тапшырып, жыйынтыгы оң чыкты. Компьютердик томографиядан өткөндө өпкөнүн 28 пайызы жабыркаганы белгилүү болду. Бизге ооруканага кайрылгыла дешти. Бирок ооруканаларда орун жок жаткыра албадык. Гагарин көчөсүндөгү "Каприз" отелине келдик. Эки саат күттүк, орун бар дешкен. Кезек менен кирип жатканбыз, бирок телефон кармаган адам чыгып, тааныштарына чалып, ата-энемдин ордуна алар киришти. Алардын акыбалы өтө начар экен. Апам бир саат ыйлады. Кыскасы, бизге тааныш башаламандык", - деп жазган кат ээси. 

Бишкекте бир нече жерге убактылуу ооруканалар ачылды. Бирок Саламаттыкты сактоо министрлиги ачылган ооруканалар бат эле толуп калып жатканын билдирген.