Депутат Жылдыз Мусабекова оорукананын жандандыруучу бөлүмүнө түшкөнүн уулу Кубаныч Аманбеков билдирди. Ал апасынын акыбалы оордоп жандандыруу бөлүмүнө жатып калганын жазганы менен кайсы дарттан жабыркаганын тактаган эмес. 

Эске салсак, депутат буга дейре өзү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу өзүнүн абалын видеокайрылуу аркылуу жарыялаган. Ал дене табы, жөтөлү жоктугуна карабай өзүн абдан алсыз сезип жатканын айткан. 

Кыргызстанда 5-июлга карата коронавирустан  10 адам, ал эми пневмониядан 26 адам каза болгону белгилүү болду. Жалпысынан  коронавирус инфекциясынан каза тапкандар  88 адамга жетти.