Теолог жана Кыргызстан аалымдар кеңешинин мүчөсү Кадыр Маликов коронавирус инфекциясынан каза тапкандарды жерге берүүдө кандай эрежелер сактоо керектигин айтып берди. Ал бул илдеттен көз жумган мусулмандар бир нече эрежени сактоого муктаждыгын белгиледи. 

"Жакын адамын дүйнө элине түшкөн апааттан улам түбөлүк жайына узаткан адамдын жакындары билүүсү кажет:

-гигиенанын бардык талаптарын аткаргыла, беткап тагынып, колду тез-тез жууп, жайга берүүчү жерди дезинфекциялоо керек;

-зыйнатка көп адам чакырбагыла, өтө жакын адамдар гана келип, 1,5 метрлик аралыкты сактоо;

-маркумду сууга алууда эгер дарыгерлердин көрсөтмөсүнө ылайык илдет жуктуруп алуу коркунучу жогору болсо, анда алыс жактан туруп шланга же чака менен суу чачып жууса болот. Кафанды хлор аралашмасына чылагыла;

-жаназаны узакка созбогула, 5-7 мүнөттөн ашырбагыла. Бири бириңерден 1,5 метр аралыкта тургула;

-эгер дарыгерлер маркумду жууп, вирустан коргоочу атайын материалга орошкон болсо анда денени алып чыгып жууштун кереги жок;

-жаназаны мүрзөдө да окуса болот, так ушундай учурда сиздин чыныгы ишеним пайда болот, тилде эмес, жүрөктө, жакынга жан тарткан жандүйнөдө;

-жаназаны бир убакта бир нече маркумга окуганга уруксат берилет;

-эгер маркумду ислам тартибинд көмүүдө коркунуч жаралса анда атайын баштыктарда, же гробдо көмүүгө уруксат берилет;

-адамдар маркумду жерге берээри менен мүрзөдөн кетиши керек, Куран окууга же маркумду эскерүүгө чогулууга болбойт;

-кары адамдар, жаш балдар, ден соолугунда кемчилиги барлар зыйнатка барууга болбойт;

-бейшембилик, кыркылык сыяктуу жөрөлгөлөрдү өткөрүүгө болбойт". 

Кадыр Маликов бардык мусулмандарды сабырдуулукка чакырып, Кудайдан тиленип, бири бирине мээримдүү болуу зарылдыгын белгиледи. Илдеттен каза болгон мусулмандардын жакындарына көңүл айтты.