Бишкекте грипп, пневония дарттарынын массалык күчөшүнөн улам бейтаптардын медициналык жардам алуу мүмкүнчүүгүн жогорулаткан күндүзгү стационарлар ачылды. Булар грипп, же пневмония оорусунун жеңил, же орто түрү менен жабыркагандарга сунушталат. Алар келип дарыгерлердин кеңешин угуп, укол, капельница ала алышат. 

Кайсы жерге баруу керек? 

1. Ленин району - Жайыл баатыр көчөсү - 66 дарегиндеги "Газпром" ден соолукту чыңдоочу комплекси. 90 орундуу. 

2. Биринчи май району - Кожомкул атындагы спорт сарайы. 150 орундуу. 

3. Свердлов району - "Чыгыш 5" кичирайонундагы Санатбаев атындагы ден соолукту чыңдоочу комплекс. 150 орундуу. 

4. Октябрь району - Түштүк магистраль көчөсүндөгү чиркөөнүн жанындагы набайкананын имараты. 140 орундуу.