Мурдагы премьер-министр Темир Сариев коронавируска каршы күрөшүү чараларын колдоо иретинде 10 миң сом бөлүп бергени айтылды. Ошол эле убакта ырчы Анжелика 20 миң доллар которду. Мындан тышкары ырчы коомчулуктан 85 миң доллар топтоп, 200 концентрантты Кыргызстанга алып келүүгө заказ бергени белгилүү болду. 

Кыргызстандын медицинасынын алсыздыгы, керектүү жабдыктар жана дары-дармектердин жоктугу илдет менен күрөшүү иштерин татаалдантты. Мындай учурда колунда бар адамдардын көпчүлүгү өз каалоосу менен элге жардам көрсөтүп, бири ИВЛ аппаратын алып келүүгө, дагы бири башка керектүү жабдыктар менен камсыздоого киришишти.