Маалыматка ылайык, маркум акыркы 4 күндөн бери жандандыруу бөлүмүндө дарыланып жаткан.
Белгилей кетсек, Эдил Садыков 1958-жылы 19-октябрда Ак-Суу районунун Челпек айылында туулган. Мектепти бүтүргөндөн кийин 1975-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна тапшырып, окуу жайды 1982-жылы аяктаган. Андан кийин 1 жылдык интернатурадан өтүү үчүн Ысык-Көл облустук балдар ооруканасына жиберилген. Интернатураны бүткөндөн кийин 1983-жылы ошол эле облустук балдар ооруканасында дарыгер-педиатр кызматына алынган.
“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттиги маркумдун жакындарына тереӊ кайгыруу менен көӊүл айтат.
Булак: media-center.kg