Бул тууралуу республикалык ыкчам штабнан билдирди. Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын  жалпы саны 7377 адамга жетти. Ал эми,  88 адам коронавирус оорусунан сакайып,  ооруканадан чыгарылды.

Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2802 адады түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 162 адам;

- Чүй облусунда 31 адам;

- Ош облусунда 13 адам;

- Ош шаарында 27 адам;

- Баткен облусунда 13 адам;

- Нарын облусунда 18 адам;

- Ысык- Көл облусунда 19 адам.