Урматтуу мекендештер!
"Азыр соц тармактарда ачууга алдырып, "Бишкекти жабыш керек, жаппаш керек" -деп айтышып эки ортодо бири бирин айыптап, урушуп, коомго паника таратып ансыз да айласын таппай турган элди айрымдар жүрөк үшүн алып кыйнап жатышат. Азыр кай жака дос -тууган, тааныштарга байланышпа дээрлик бардык жакта ымтырап ооруп жаткандар бар экен. Башкача айтканда, өзүбүз эреже сактабай жатып бул вирусту толук жайылтып бүтүппүз. Андыктан шаарды жапкандан түк пайда жок. Паникага алдырбай дарыланып ооруп айыкандан башка
арга жок. Дүйнөлүк статистика б/ча 7-8% адамдар гана оорурак формасы менен ооруп 92-93% адамдар орто, жеңил, көпчүлүгү сезбей бессимптомно өтүп кетет экен. Өлгөндөр 0,3% болот экен. Ошондуктан, урматтуу мекендештер!, коркуп-үркүп паникага алдырбайлы. Врачтардын айтканын жасап, дарыланып, катуулабаса үйдөн чыкпай, эрежелерди сактайлы. Бир сөз менен айтканда дээрлик
көпчүлүгүбүз оруп-айыгышыбыз керек. Ооруп айыгабыз - биз буга бөркүбүздөй ишенишибиз керек! Ишеним негизги курал!
Көпчүлүгүбүз ооруп айыгып, бул вирустан оорубай калгандан кийин пандемия өзүнөн өзү басаңдаарын турмуш, башка өлкөлөрдүн тажырыйбасы көрсөтүп жатат. Бирге бололу, ынтымакта бололу, бири бирибизди айайлы, паникага алдырып ызы-чуу менен психоз жаратып ооруну күчөтпөйлү! Мен ишенем, бул күндөр да өтөт. Биз албетте, бул тумоону жеңип чыгабыз!!!"- деп өздүк баракчасына жазды.