Адамзат - Экинчи дүйнөлүк согушту дагы ынтымак, уюшкандык, командалык дух, ишеним жана жакшы үмүт менен жеӊген. COVID-19 ылаӊын дагы күчтөрдү моблизациялоо, бири-бирибизди шыктандыруу жана үмүттөр менен жеӊерибизге тереӊ ишенем. 
Бүгүн биздин бир гана душманыбыз бар, ал коронавирус! Калганыбыз барыбыз бир команда, бир тууган, бир үй-бүлөөбүз! Жалпыбыздын саламаттык үчүн, өлүм менен өмүрдүн ортосунда арачы болуп жүргөн дарыгерлерге, тийешелүү органдарга, үймө үй кыдырып, өмүрүн тобокелге салып жүргөн медицина кызматкерлерине тереӊ ыраачылык билдирем, таазим этем. 
Мындан тышкары дары-дармек тартып, керектүү жабдыктарга каржы берип, волонтерлук кылып, тамак-аш уюштуруп, жакшы сөзүн, кеӊешин берип жүргөн мекендештериме колумду жүрөгүмө коюп, ыраазычылык айтам. Сиздер бүгүнкү күндүн баатырысыздар, адамзатты сактап калуудагы каармандар – сиздерсиздер! 

Тилекке каршы, согуш убагында жоопкерчиликтен качып, кошунасынын жалгыз уюн уурдаган Ысмайыл сыяктуу, жийиркеничтүү адамдар дагы бар экен. Бузукулук чакырыктарды кылып, элдин кетип турган чыдамынан пайдаланып көчөгө чыгууга үндөп, мамлекет менен элдин ортосундагы байланышты ажырымга багыттаган кухня баатыр, оозу менен орок оргон, иш жүзүндө инвалиддер, коронавирустан дагы коркунучтуу, жийиркеничтүү адамдар жүрөт. Андайлар элдин душмандары. 

Бүгүн барыбыз бир тууганбыз деген ишеним алдында, бир үй бүлөөнүн ынтымактуу балдарындай биримдикте бололу! Мекенибизде тынчтык болуп, сыноодон аман өтүп кетели. Оорудан дүйнө салган мекендештерибиздин жаткан жери жайлуу болсун, жакындарына сабыр, кайрат тилейбиз. Алла бизге жар болсун, мындан ары жакшылыкка жолдош кылсын, оомин!