Бул тууралуу АКИpress агенттигине бүгүн, 4-июлда анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.

А.Атамбаевден эки тараптуу пневмония аныкталып, ал эми ПЧР-тесттин жыйынтыгында коронавирус тастыкталган эмес. Ал Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгынын клиникалык ооруканасында (атайын оорукана) дарыланып жатат.

Жактоочунун айтымында, жакында эле Атамбаевдин үй-бүлөсү аны менен терезе аркылуу көрүштү. Ал «Атамбаев атайын борт менен Москвага дарылануу үчүн жеткирилиши мүмкүнбү?» деген суроого бул расмий түрдө жасалышы керек экенин айтып жооп берди.

«Эгер муну батыраак жасаш керек болсо, анда бул вариант аткарылышы мүмкүн. Бирок мага бул маселе боюнча билдиришкен жок», - деди ал.

Булак: Баракелде