Өкмөт өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык бейтапканасындагы абалды жана ал жакта эмгектенип жаткан дарыгер тууралуу өздүк баракчасын видео жүктөлдү.
Анда, "COVID-19 илдетинин соккусун көбүнчө республикалык клиникалык жугуштуу оорулар бейтапканасынын эмгек жамааты өзүнө кабыл алып жатат. Оорукананын кызматкерлери айлап, үйлөрүнө кетпей, мекемеде калып, бейтаптардын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат. Алардын бири Марина Давлетбаева. Ал эки жарым айдан бери үйүнө, үй-бүлөсүнө бара элек."- деп жазып өздүк баракчасына видео жүктөдү.
Келгиле, күнү-түнү бизге кам көрүп жаткан дарыгерлерибиздин эмгегин текке кетирбей, алардын айткандарын так аткарып, аларга жардам берели!