Өмүрбек Бабанов пневмония оорусунан жабыркагандарга жаңы оорукана ачып бермей болду.  «Республика» партиянын лидери Мирлан Жээнчороевдин айтымында  Бишкектеги мейманканалардын бири  ооруканага айланат. 
 
"40 бөлмөлүү мейманкананы «Республика» партиясынын экс-лидери, азыркы бизнесмен Өмүрбек Бабанов ижарага алган.
Ал 5 дарыгерге, 15 медайымга айлык төлөп берет. Андан сырткары үч маал тамак менен камсыздайт. Бөлүмдөр күн сайын дезинфекцияланып турат », - дейт лидер.