Тилекке каршы ал мыйзам парламенттен колдоо тапкан эмес. Албетте, парламенттин секисинде коррупцияга шектүүлөр олтурса бул мыйзам кантип колдоо тапмак эле, туурабы? Ачыгын айтыш керек Икрамовдун бул мыйзамын карапайым калк кош-колдоп колдогон.

Учурдагы кыйын кырдаалга байланыштуу Тазабек Икрамов өзүнүн социалдык баракчасына коррупционерлерди жашырган акчаларын өлкөгө кайтарып берүүгө үндөгөн билдирүү таратты:

–Коррупционерлер убакыт келди! Офшорго каткан акчаңарды, басып жаткан байлыгыңарды чыгарып, элдин саламаттыгына жумшагыла. Кыйналып турган медицина тармагын каржылап, дары-дармек, препарат, кычкылтек болуп чыгаруучу аппараттарды алып келгиле. Болбосо элдин убалына каласыңар. Силердин айыңардан медицина талкаланды, миллиардаган долларлар силердин чөнтөгүңөргө кетти. Россиянын президенти В. В. Путин орус байларына “Силердин кантип байыганыңарды билем, эл менен бөлүшчү учур келди” деп пандемия алгач башталганда эле айткан. Силер да отуз жылдап ичип жегенинерди эл менен бөлүшчү мезгил келди! – деп жазган Икрамов.

Булак: chyndyk.media