Кыргыздын белдүү саясатчысы, мыкты инсаны, мамлекет десе ичкен ашын жерге койгон патриот уулу Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты Болот Шерден айрылды. Замандаштары,кайтьалангыс сапаттарга бай артыкчылыктарын айтып, эскеришти.
Анатай Өмүрканов, Кыргыз эл акыны: “БОЛОТУМ… ЖОГОТУУМ…”
- Улуттун уңгусунан, баатырдын баянынан, тулпардын туягынан, айкөлдүн айбатынан ширелип, кылым кыдырып топтолуп, жыйылып, ээсин издеген касиети Улуу Рух бир баласына ыйгарып, ушул кыйчалыш доордо алаңдап, айласын таппай турган элиңе... бел болууга жаралган уул эмес белең, Болотум...
Сенин беттегенин бербеген өжөрлүгүң, эр көкүрөк көкжалдыгың, кандан-бектен кайра тартпаган тайманбастыгың – туулгалуу туулган эр экендигиңдин үлгүсү болчу.
Сенин билимиң, окумалдыгың, дүйнө таанымың, эс тутумуң да өзгөчө болчу. Алмадай башка ушунун баарын кантип унутпай батырып жүрөт деп ойлоп кетер элем.
Сен өзгөчө элең Болотум...
Дени сактар делдейип, интеллекти мындай кой ишин жөндөй албай жүрсө, сен он жылдап оору менен алышып жатып өзүңдүн “Айкүм мынча болуп жатпайбы!” - деп оозумду ачыргансың.
Эгемен эл болдук деп жетине албай, унутулуп бараткан улуттук оюн Көк-Бөрүнү тирилтип, эл аралык деңгээлге алып чыгып, көч башында турган да сен болдуң.
Акын жазуучулар унутта калып, алып-сатарлар бааланган заманда Байдылда Сарногоев акеңди канатыңа калкалап, ай сайын стипендия берип, дары-дармегине, тамак-ашына көз салып, ал-абалын сурап, китебин чыгарып сүрөп турган да сен болдуң.
Анан “Мен” дегенден 7ни - жетөөсү жети тарапка баскан өңчөй “кыйындарды” чогултуп, сапаты салмактуу, ою омоктуу “Жетимен” аттуу коомдук-адабий журнал, элге жакшы кабар апкелген жаңылыктын жарчысы болсун деп атын ырымдап “Алас” аттуу гезит ачып, айлык төлөп, чыгаан журналисттерди чогултуп нары окумдуу, элге жугумду басылмалардын башында турдуң.
Ушуну сенден башка ким жасады? Көбүнүн оюна келсе да, бирөөнүн да колунан келген жок.
Ооруп калбаганда дагы канча иш жасайт элең...
Деги, Жараткан Шернияздын уулдарын улуттун унутулуп бараткан көөнө маданиятын көтөр деп жаратканбы деп ойлоп кетем.
Дос-тууганга качан болсо дарбазасын кенен ачып тосуп алчу капкалуу шаар элең...
Балдарыңа саябандуу чынар элең...
Элиңе караан элең...
Атына заты, сөзүнө өзү жарашкан туйгун элең...
Агаңа жөлөк болуп ийнин тосчу ини элең, Болотум... жоготуум...
Баасын билбеске көп саясатчынын бири кетти. Баалаганга кыргыз деп күйгөн бир Кыраан кетти!
Алышкан оору алып тынган экен.
Жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун.
Көп нерсе жазайын деп... буулугуп сөз таба албадым.
Артыңда иниң Садыкка, бир туугандарыңа, үй-бүлөңө терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм.
Мелис Айдаркулов, журналист: “КӨКЖАЛДЫН алдында ажал алсыз, арсыз... Болот элдин эсинде, журттун жадымында ар дайым жашай берет...”
- Бүгүн бир боорум Болот Шердин дүйнө салганын угуп, кабыргам кайышып турат... Болот менен да, анын чыгаан иниси Садык менен да, мурда кийин жеке мамилем болгон жок. Бирок Шернияз бабанын журттун намысына жаралган неберелерин 1990-жылдан бери билем деп айта алам. Анткени легендарлуу “Ашар” козголушунун, Кыргызстан демократиялык кыймылынын алгачкы карлыгачтарынын бири, жүрөгүндө жалы бар ЭРКИНБЕК ШЕРНИЯЗОВ менен ошол жылы таанышып, жердеш, курбалдаш, тилектеш, санаалаш катары өтө жакшы мамиле күттүм. Эркинбек эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң алгачкы демпартиялардын бири “Эркин Кыргызстан” саясий партиясын негиздегендердин жана анын жетекчилеринин бири болчу. 1993-1994-жылдары мен КДКны жетектеп турганда “Эркин Кыргызстан” партиясынын жаш лидерлери Бектур Асанов жана Эркинбек Шерниязов үчөөбүз Кыргызстан демократиялык күчтөрүнүн Конгрессин уюштуруп, ошол кезде бириндеп кеткен прогрессивдүү күчтөрдүн башын кошуп, авторитардык башкарууга багыт ала баштаган кечээки демократ президенттин тизгинин тартуу демилгесин көтөрүп, чакырык таштаган элек. Опера жана балет театрында башталган ошондогу жыйынга А.Акаев баш болуп, өкмөт мүчөлөрү түгөл келишкен. Бирок жыйындын биринчи эле бөлүгүндө айрым бузуку аракеттердин айынан демократтар ичинен ирип, бири-бири менен ыркы келишпей турганын байкаган ажо свитасын бүт ээрчитип, кетип калды... Демократтар арасында да чоң жарака кетип, жыйын натыйжасыз аяктады... Аттиң, ошондон бир жыл өттүбү-жокпу, жайрабай калгыр Эркинбек кырктын кырына чыгып-чыга элегинде дүйнөдөн кайтты... Ошол эле жылы “Тойдум байдын кызына...” деп мен да саясаттан кеттим...
Эркинбектен кийин Шернияз бабанын дагы бир небереси ушул Болот иним өлкөнүн коомдук турмушуна, чоң саясатка батыл аралашып, жылдызы жарк этип жанды... Болот акылын, билимин, ар-намысын, тулкусундагы кайратын, көкүрөк күүсүн, рухун, көз нурун, билек күчүн, бүт өмүрүн журтуна кызмат кылууга арнады. Болот сыяктуу КӨКЖАЛДЫН алдында ажал алсыз, арсыз... Болот элдин эсинде, журттун жадымында ар дайым жашай берет...
Акын Шакем (Дүйшеев) айтмакчы,
Кош эми, Боке асылым,
Коргошун элең, Эр элең.
Кор кылбай элдин намысын,
Кортопой жүргөн Шер элең.
Эстүүлөр элсиз калганда,
Ээрчитип кетчү эр элең,
Элим деп чындап күйгөндүн,
Экөөнүн бири сен элең!
Эми,
Куужолтой ажал кайда жок,
Кур кайгы менен пайда жок.
Кулпулап турар Чоң Капкаң,
Эми,
Курандан башка айла жок!
Кыргызымдын чыныгы мекенчил, көк жал уулу Болот иним, жаткан жериң жайлуу, топурагың торко болсун!
Азимбек Бекназаров, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси: “Мекенчилдикти, достукту Болот Шердин таржымалынан издегиле да, үйрөнгулө жаш кыргыз саясатчылары!”
- Шерниязовдор менен Бекназаровдор көп жылдан бери үй-бүлөбүз менен туугандардай болуп катташып жүргөнбүз. Мен Болот менен санаалаш аке-ини дос дегендей, уулум Руслан Садыктын өкүл баласы болот. Болот Шер нукура кыргыз, мекенчил, намысты туу тутунган жигит эле. Шерниязовдор баары ушундай! Ал эч качан бир жүргөн адамды саткан эмес, колунан келген жардамын аяган эмес, аны мен анын Текебаевге жасаган мамилеси менен эле айтсам болот. Реалдуу турмушта эмес, саясат үчүн өздөрүн-өздөрү мекенчилмин, кыйышпас досторбуз деп жасалма ыйлап жибергендерди, пиар кылгандарды көп көрүп жүрбөйбүзбү? Ошолор кыйышпас достук, мекенчилдик кандай болорун Болоттун өмүр баянынан үйрөнүшсүн, шайлоо алдында кайрадан табыша калбай. Анын атына жараша шердигине, эрдигине, көк жалдыгына мен нечен жолу күбө болгом. Болотубуз Каркыра деп таяк жеп, кан басымы көтөрүлүп, Докемдин (Садырбаев) бутуна таш тийип, бакиевчилер даярдаган аялдарга тытылып, таш бараңда калганда, азыр өздөрүн ушунчалык мекенчилбиз дешкендер ошол адамдарды бизге каршы уюштуруп артында турушса, айрымдары Каркыраны казактарга өткөрүп берип, Докемдин батасына да келбеген. Элибиз ким мекенчилмин деп “көп ыйлап” койсо эле эч нерсе билбей туруп ушулар мекенчил, таза деп алданып жүрүшөт! Мекенчилдикти, достукту Болот Шердин таржымалынан издегиле да, үйрөнгүлө жаш кыргыз саясатчылары!
Руслан Казакбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “Болот Шер агабыз мекенчил адам эле”
- Болот Шер боюнча сүйлөө эскерүү баарбыз үчүн оор болуп, кабыргабыз кайышып турат... Болот Шер агабыз экөөбүз көп жылдан бери ага –ини болуп жүрдүк. Саясатта болобу, мамлекеттик кызматта болобу, күнүмдүк турмушта болобу дайыма мамилебиз түз болчу. Кайда болбосун акыл насааттарын айтып, ага болуп жүрдү. Болот Шер агабыздын бул дүйнөдөн чын дүйнөгө кайтышы үй-бүлөсү, жакындары эле эмес, жалпы кыргыз эли үчүн чоң жоготуу болду.
Болот Шер агам айкөл, патриот инсан эле. Ал “элиме кызмат кылуудан башка мээнет жок, мамлекетке кызмат кылуудан өткөн дөөлөт жок”- деген мекенчил адам эле. Болот Шер агабыздын басып өткөн жолу кайсыл тармакта болбосун үлгү боло турган улуу жол. Анын ар бир сөзү ташка тамга баскандай айтылчу. Анын жүрөгү да, дүйнө таанымы да кең болчу. Ошон үчүн унутта бараткан көк бөрүнү, акындардын айтышын, Манас айтууну жандандырды. Кыргыз элинин казынасындагы мурастарды дүйнө жүзүнө даңктоого аракет кылды. Кыскасы, Болот агабыз кыргыз элин улуу эл катары көрсөтүүгө болгон мүмкүнчүлүгүн жумшады. Анын мектепти бүткөндөн кийинки максаты эле элге кызмат кылуу болду. Жогорку Кеңештин үч жолку депутаты болгондо саясатта чогуу жүргөн замандаштары менен кыргыз мамлекетинин жаңы тарыхында Кыргыз Республикасынын, демократиянын түптөлүшүнө, өнүгүүсүнө өзүнүн өзгөчө салымын кошту.
Учурдан пайдаланып, Болот Шер агабыздын үй бүлөсүнө, жакындарына, касиеттүү Талас жергебиздин тургундарына, жалпы кыргыз элине терең кайгыруу менен көңүл айтам. Болот Шер агабыздын жаркын элеси ар бир кыргызстандыктын жүрөгүндө, акыл эсинде сакталат.
Алманбет Шыкмаматов, экс-депутат: “Боке чыгармачылык чабыты бар, мекенчил, намыскөй эле”
- Боке элден башкача, стандарттуу эмес ойлонгон, чыгармачылык чабыты бар, мекенчил, намыскөй эле. Сөздү кадырлаган, сөз баккан кыраакы болчу. Юмору, баамчылдыгы, тапкычтыгы бир башкача эле.
Булак: "Майдан.kg" газетасы