Адвокат Канат Хасанов башпрокурор Өткүрбек Жамшитовго арыз жолдоп, мурдагы өкмөт башчы Абылгазиевге карата кылмыш ишин козгоону өтүндү.
Бул тууралуу анын кайрылуусунда айтылды.
Адвокат арызын кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине каттоого алууну суранган жана Абылгазиев премьер-министр болуп турган убагында кызмат абалын мыйзамга каршы иштерге пайдаланып, кызматтык милдетине кайдыгер мамиле жасаганын белгилеген.
"Премьер-министр болуп турганда коронавирустун кесепеттерин жоюуга карата комплекстүү иш чараларды өткөрүүдө кызматтык милдетине көңүл коштук менен мамиле жасаган. Кайдыгерлик 120дан ашуун адамдын өлүмүнө алып келди, бул өзгөчө оор кылмышка кирет", - деген адвокат.