Анын «Азаттык» радиосуна берген маалыматына караганда, саясий партиялар талапкердин тизмеси жана башка керектүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына 24-августка чейин бериши керек. Шайлоого катыша турган партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга көңүл бурулат.

«Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү тобокелдиктер жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык- эпидемиологиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», - деди Шайлдабекова.

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Кыргызстанда 18-марттан 3-июлга чейин коронавирус 6767 адамдан табылды, алардын ичинен 76 киши кайтыш болду, 2655 бейтап айыкты. БШКнын маалыматы боюнча, мыйзамга ылайык эгерде өлкөгө өзгөчө абал киргизилсе, шайлоо токтотулат. 

Булак: Азаттык