Сахар диабети менен жабыркаган, учурда пневмония дартына кабылган Анарбек Токтомаматов аттуу бишкектик өкмөт башчыга аны ооруканалар кабыл албай жатканын арызданып кайрылган. Кубатбек Боронов ооруканага жайгаштырууга убадасын берген.
Укук коргоочу Анвар Сартаевдин айтымында, ал оорулуу жаран тууралуу өкмөт башчыга маалымат жөнөтүп, "ооруканалар кабыл алышат" деген жооп алган.
"Токтомаматовдун жубайы Айгерим үйүндө телефон чалууну күтүп отурат", - дейт укук коргоочу.
Эске салсак, Айгерим Токтомаматова жолдошунун акыбалы оорлоп жатканын, ИВЛ аппаратына муктаж экенин бирок оорукана кабыл албай жатканын айтып чыккан. Ал белгилегендей урология борборуна барышып кире алышкан эмес, андан кийин республикалык инфекциялык ооруканасына, шаардык клиникалык ооруканасына да кайрылышкан. Бирок орун таба алышкан эмес. Гансиде болсо ИВЛ аппараттары болбогон.
Анарбек Токтомаматов коронавируска тест тапшырган, бирок жыйынтыгы таза чыккан. Учурда ал үйүндө дарыланып жатат, акыбалы оор.