27-июнда өкмөт аппаратынын 27 кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталганы белгилүү болгон эле. Бүгүн премьер-министрдин жардамчысы Руслан Турдумамбетов да бул илдетке кабылып калганы айтылууда. 

Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, жардамчынын ПЦР-анализи оң жыйынтык көрсөткөн. Бирок өкмөт аппараты мындай маалыматты четке какты.  Ошондой эле премьер-министрдин кеңешчиси  да илдетке кабылбаганын, ал тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбестигин маалымдашты. 

Буга чейин  вице-премьерлер Алмазбек Батырбеков жана Эркин Асрандиевдин ПЦР-тести оң чыкканы айтылган.