Республика боюнча акыркы сутка ичинде 10 бейтап COVID-19 илдетинен көз жумду. Бул тууралуу бүгүн,  республикалык ыкчам штаб билдирди.

Каза тапкан бейтаптар:

-Кыргыз-Түрк достук ооруканасында 58 жаштагы аял киши;

-Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында 54 жаштагы эркек киши;

-Ноокат аймактык ооруканасында 59 жаштагы аял киши, медкызматкер;

-Ош шаарынын клиникалык ооруканасында 33 жаштагы аял киши;

-Кызыл-Кыя аймактык ооруканасында 33 жаштагы эркек киши;

-Ысык-Ата аймактык ооруканасында 5 бейтап (64, 66, 80 жаштагы эркек кишилер, 62,63 жаштагы аял кишилер).

Кыргызстанда коронавирус илдетинен жалпы 76 киши  каза болду.