Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова  онлайн маалымат жыйында билдирди.

Муну менен Кыргызстанда коронавирус илдети менен ооругандардын жалпы саны 6767 адамга жетти.

Ал эми, бир сутка ичинде 125 адам коронавирустан сакайып  ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2655 адамды түздү.

Жаңы катталган учурлар:

- Бишкек шаарында 230 адам;

- Чүй облусунда 151 адам;

- Ош облусунда 14 адам;

- Ош шаарында 36 адам;

- Жалал-Абад облусунда 21 адам;

- Баткен облусунда 19 адам;

- Нарын облусунда 9 адам;

- Талас облусунда 1 адам;

- Ысык- Көл облусунда 25 адам.