➡️ «Манас» эл аралык аэропортунда 2-июлда «Aviatraffic Company» авиакомпаниясынын Бишкек-Дакка-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алышты. Кыргызстанга Бангладештен 103 КР жараны кайтып келди.

⭕️ Бул авиакаттам менен ошондой эле Бангладештен Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын жарандары чыгарылды, аларга өзбек жана тажик тараптарынын кайрылуусуна ылайык Өзбекстанга жана Тажикстанга кайтып баруу үчүн транзиттик коридор уюштурулат.

✅ Каттам КР Президентинин жана Өкмөттүн чет өлкөлөрдөн КР жарандарын кайтарып келүү тапшырмасын аткаруу үчүн КР Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган

❗️ Чет мамлекеттерде калып жаткан жана Мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер улантылууда.