Азыркы болуп жаткан эпидемияны, бири-бирибизди түшүнүү жана колдоо менен гана жеңе алабыз. Азыркы оор кырдаал мындан ары да оорлошуп кетпесин десек, бир эле эрежени сактоо жетишсиздик... Себеби, күндүгө беткап, антисептик, кол мээлей алалбай жаткан жарандарыбыз, вирусту алдын алуу боюнча өтө кымбат баадагы дары-дармектерди алып ден-соолуктарына кам көрө албагандыгы да вирустун көбөйүшүнө себепкер болууда. Ошондуктан, урматтуу фармация компанияларынын жетекчилери, Сиздерден суранып кетебиз мүмкүн болушунча дары-дармектерге болгон бааны азайтуу боюнча. Башка өлкөлөрдө, дары-дармектерди өтө арзан баада сатуу менен өз элинин ден-соолугуна кам көрүшкөн фармация компанияларга суктануу менен саресеп саласың.


Ушул маселе, азыркы учурда элдин эң негизги көйгөйү болуп калды. Республикабыздын Премьер министри К.А. Боронов түзүлгөн жагдайды тез аранын ичинде жөнгө сала алат деп ишенип туралы. А фармация компаниялары өз элин колдоп, дары-дармектин баасын кескин түрдө арзандатуу менен, элибиздин ден-соолугуна кам көрөт деп ишенели...

 

Жылдыз Жолдошова