Адылбек Асанов аттуу жеке ишкер ИВЛ аппаратына Түркияга буйрутма берип койгонун айтты. Ал белгилегендей, Кыргызстандагы акыбалды четте карап тура албай достору менен кеңешип 70 даана ИВЛ аппаратын алып келүүнү чечишкен. 

"Биринчи партиясы дүйшөмбү күнү келет. Экинчи партиясында да жетимиш даана аппарат бар болчу. Бирок биздин демилгебизди уккан чет өлкөдөгү мекендештер да колдоого алышып, жардам берип жалпысынан миң даана келчүдөй болуп калды", - дейт ишкер. 

Ырчы Мирбек Атабеков да ИВЛ аппаратын алып келүүгө каражат которгонун айтып, кыргыз байларын бул ишке салымын кошууга чакырды.