Ал өткөн жылы кудай экендиги, 2 миң жыл жашай тургандыгы тууралуу билдирүү жасаган. Быйыл жыл башында Кытайга коронавирусту жибергендигин, анын Кыргызстанга келбей тургандыгын маалымдаган. Коронавирус Кыргызстанды каптагандан бери ал “кудайыбыз” эшик-терезелерине марли каптатып, тумшугуна ар эки саатта жаңыдан бет кап тагынып, “ылаң мага тийбесе экен” деп тиленип, үйүнөн чыкпай жатыптыр. Өзүн кудай деген адам кимден антип тиленип, суранат, эмнеден анчалык коркот, ал аябагандай эле таң калычтуу көрүнүш, бирок акыркы убактарда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров да андан калышпай бараткандыгына көңүлүңүздөрдү бургубуз келет.
Бир гана айырмасы, Арстан Алай дүйнө жүзүн каптаган илдетти “мен чыгаргам” десе, А.Мадумаров “андай илдет дүйнөдө жок, аны бирөөлөр ойлоп чыгара койду, биздин жетекчилер аны кайталап жатышат” деп танууда. Дүйнөлүк прогрессивдүү бардык коомчулук, анын ичинде саламаттыкты сактоо боюнча эл аралык уюмдар да таанып, аны таркатпоо үчүн триллиондогон долларларды жумшап жатышканда, бир коктудан бир саясатчы чыга калып, “андай илдет жок, аны айрымдар ойлоп чыгарышты” дегени, Арстан Алайдыкынан да ашып түшкөн экстраваганттуу жорук болуп саналат. Анда дүйнө жүзү боюнча миллиондогон, ал эми Кыргызстанда жүздөгөн адамдар неге обсервацияларда жатышат? Ал дарттан өлгөндөр жана өлүп жаткандар да мификалык адамдарбы?
Ушул жылдын 15-июнунда берген интервьюсунда А.Мадумаров “илдетти жуктурган ар медикке 200 миң сомдон берилет дешти эле, ак халатчандардын арасында ага чалдыккандар өзүнөн өзү көбөйүп кетти. Же алар жок дарт менен ооруп калышты, ага чалдыккандарды дайынсыз дары-дармектер менен дарылашууда” деген билдирүү жасаган. Ага жакында Кыргызстандын медиктери атайын Кайрылуу жасашып, Мадумаровдон кечирим суроону талап кылышты. Чындыгында эле “медиктер жок илдетти атайылап акча алуу үчүн жуктуруп алып жатышат, башка дарттардан өлгөндөрдү деле коронавирустан өлдү деп көмүшүүдө” дегени, азыркы окумалдардын тили менен айтканда, кудайга, адамгерчиликке жана ыймандуулукка сыйышкыс фейк болуп саналат. Биринчиден, коронавирусту атайылап жуктурушууда дегени А.Мадумаровдун андай илдет жок дегенин жокко чыгарып жатса, экинчиден, колдо ынанымдуу бир да факты, далил болбой туруп, бүтүндөй бир тармактын кызматкерлерин өз кесиптеринин этикалык нормаларына, анттарына ылайык келбеген спекуляциялык иштер менен айыптоо чектен чыккан наадандык болуп саналат. Фактың барбы, аларды калемчелердей кылып коомчулуктун алдына жайып салып ынандыргын, жокпу, анда кызыл тилди жөн эле короочу иттин куйругундай жөн эле ары-бери бултаңдата бербей, тишке бекемирээк басып жүргөн оң. Андай демагогия бир жолу, ашып кетсе, эки-үч жолу өтүшү мүмкүн, анан намыстангандар баарын жыйнап келип сотко беришсе, ансыз деле күндөн күнгө кардай эрип азайып бараткан репутация, аброй дегенден биротоло айрылып калышы да ыктымал.
Илдеттин экинчи толкуну катуу башталып, бийликтин да, элдин да шайын кетирүүдө. Мындай учурда өзүн сыйлаган саясатчы курулай демагогияга, популизмге биротоло кирип, эмоцияларга биротоло алдырып жибербестен, элдин кызыкчылыгынын тутумунда сүйлөшү, иштеши керек. Азыркы бийликтегилерди кандай деңгээлде жаман көрөт, алардын ысымдарын укканда аллергиясы кандай козголот, ал Мадумаровдун жекече өзүнүн маселеси. Бизге анын ысыгы да, суугу да жок. Бирок, кыргыз эли- А.Мадумаровдун эзелтен кектешкен душманы эмес. Акыркы күндөрдө айрымдардын коомдук жайларда гана эмес, коомдук автоунааларда да беткапсыз көйрөңдөнө басып калышкандыгына А.Мадумаровдун жана аны колдогондордун “коронавирус деген жок, бет кап тагынбагыла “ деген чакырыктары да кошумча болуп жаткандыгын көрүп жатабыз. Өзүн сыйлаган, чындап эле элди сыйлаган саясатчы антип элди тескери жолдорго үгүттөгөндүгү чынында эле кыянаттык. Антип тескери жолго түрткүдөй кыргыз эли ага кандай жамандык кылды экен?
Булак: "Майдан.kg" газетасы