Кечээ, Ош шаардык ооруканасынын үчүнчү кабатынан коронавируска чалдыккан 1986-жылкы келин боюн таштап жиберген. Бул тууралуу түштүк калаанын ШИИБы билдирди.
Аял алган оор жаратынан окуя болгон жерде каза болгон.
Учурда укук коргоо кызматкерлери саламаттыкты сактоо кызматкерлери менен биргеликте бул кайгылуу окуяны иликтеп жатышат. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Маркум 1986-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну. 25-июнда жаңы төрөгөн. Өзү дарыланып жатканына байланыштуу наристеси апасынын колунда болгон.
Булак: Вести