Кыргыз элинин чолпон жылдыздарынын бири, ырчы Асель Кадырбекованын үрөй учурган жол кырсыгына кабылып, комага түшкөнү – жалпы коомчулукту, ар бирибизди ойлонтуп турган учур. Окурмандарыбыз дагы Аселге колдоо билдирүүлөрүн жөнөтүп жатышат. Биз дагы Аселдин тез арада сакайып, арабызга кошулуусун тилейбиз. Төмөндө айрым колдоо пикирлер...
Неля Нуркулова, ырчы, өкүл апасы:
“Жашоо өтө таш боор мугалим”
- Жашоо өтө таш боор мугалим. Алгач сынайт, андан кийин сабак берет. Аллах кимге жакшылык кааласа, аны сыноого туш кылат экен. Ошол сыноону биз жашоодо сабыр менен жеңип, ийгиликке жетебиз. Балким, ошон үчүн динибизде сабыр эң башкы орунда. Сыноону да Аллахым эң жакшы көргөн инсанына берет дейт. Анткени аны өзүнө кайрылуусун, өзүнө жакын болуусун каалайт экен. Демек, бизге канчалык кыйынчылык берсе, ага ошончолук сооп көп болот. Ошондуктан башка келген сыноолорго, кыйынчылыгына чөкпөй, жакшылыгына көппөй, сабыр кылып жашашыбыз керек. Ар бир сыноонун аркасында жеңилдик бар. Жаратканым ар бир үйгө тынчтык, береке, ырыскы, бакубат жашоо насип этсин!
Самара Ибраимова, акын, активист:
“АСЕЛ КЫЗ”
Асел кыз - гүлдөй назик үлбүрөгөн,
Ууртунда жылмаюу да, ыр түнөгөн.
Жашоодо жакының бар эл-журтуң бар,
Ардайым сага жакшы күн тилеген.
Кудайга миң жалынып тилеп саарлап,
Энесиз калбасын деп кызың зарлап.
Суранып жатат эми ач көзүңдү,
Калышсын энең, жарың көөнү жайлап.
Бала үчүн ыйык, кымбат эне деген.
Эне бар, үйүң толук, жылуу кенен.
Жаралган ар бир бөбөк бул жарыкта,
Эркелеп болсун ата-эне менен.
Өмүргө ажал али тирешпесин,
Алдыда көрөөр күнүң түгөнбөсүн.
Жалпыга жаккан сулуу өөдө болчу,
Кубансын ар бир сенин тилектешиң.
Өмүрдүн жашап жаткан сонун жазын,
Эх ажал, чыга калып тоорубасын.
Жанында бол кайрадан үй бүлөңдүн,
Жайнаган өмүр жайрап соолубасын.
Жаш өмүр гүлү эрте соолубасын.
Кудрет Тайчабаров, журналист:
“Асель - боорукер, асанкайгы адам”
- Аселя НБТда алып баруучу болуп иштей баштаганда Нурландан биринчи Асель менен таанышкан элем. “Жердеш акем экенсиз” деп бир тууган акесиндей мамиле кылып, кээде тамашалап, “Кудрет байке, мага баланча тийишип атат, урушуп коюңузчу!”- деп калчу эле. Кийин чыгармачылык Нурлан менен тааныштырып, экөө кыз-жигит экенин билгем. Ортодо таарыныша кетишкенде кыйналып жүргөм. Көп адам маани бербейт, бирок, экөөнүн ырлары сүйүүдөгү диалог экенин байкасаңар болот. Ал нерсени мен шүмшүк экөөнө билгизбей жаза берчүмүн. Мисалы, “Таттуу махабатым” деген ыр Аселге арналганын “Асел-бал-таттуу” экенин байкаган адамдар түшүнөт. “Башканы жаным дебе” деген Аселдин ыры Нурлан экөө таарынышып жүргөндө жазылган. Асель: “Кудрет байке, мага темасы жакпайт атат” десе болбой, “хит болот, ырдай бер” деп кыйнап эле ырдатып салгам. Анын жаңы ыры чыкса, баарыбир Нурлан угуп көрөт да, “Башканы жаным дебе” деп мага айтып атат деп ойгонот, ойлонот деген максат бар эле.
Ушундай ой менен Аселдин “Эркелет”, “Телефон”, “Жаныңда болсом дейм”, “Самап келем” деген жана башка бүт мен жазган ырлары Нурланды сүйөөрүнөн шек санатпай турган мааниде жазылган. Кимге кызык болсо ырларды угуп көрсөңөр болот.
А Нурлан “Карындаш”, “Жүрөгүм”, “Тунук махабат”, “Бакыт издедик”, “Жүрөк ээси”, “Таттуу махабатым” деген ырларды ырдап чыкканда Асель “мага арнап чыкты” деп кабыл алып, Нурлан аны сүйөөрүнө ынанчу. Экөөнү окончательно жараштырган ыр казактардын заказы болду. Казактар бир кино тартып, анан ал кино кыргыз рыногунан да акча тапсын деп саундтрегин кыргыздын инстаграмда подписчиги эң көп ырчыларына ырдатмай болушат. Алар Асель менен Нурлан болуп чыгат. Экөө таарынышып, сүйлөшпөй жүрүшкөн. “Ашык болуу” деген ырдын клибин көрсөңөр, экөө бир кадрда кыз-жигиттин образында тартылбай коюшкан. Казакча вариантын кадимки Ринат Заитов жазган экен, мен кыргызча вариантын Асель менен Нурланга тууралап такыр башка мааниге буруп салган элем. Ошол ыр чыккандан кийин экөө табышты. Таарыныштар жазылып, үйлөнүштү. Ошондон бери Аселге ыр жазбай деле калдым. “Карындашым өз ордун тапты, эми күйөөсү ойлонсун анын чыгармачылыгын” деген ой болду окшойт.
Балким Асель мыкты ырчы эместир, балким эң мыкты жубай эместир, балким ал кыйын блогер эместир, бирок, эң башкысы Асель жакшы адам. Бирөөгө катуу айталбай өзү кыйналып жүрө берет. Боорукер, асанкайгы адам.
Эми ушул жүрөгү тоодой карындашым автокырсыкка кабылып, 2 дүйнө ортосунда турганын угуп, көзгө жаш тегеренип, жардам бере албашыма көзүм жетип туталанып турган чагым.
Урматтуу достор!
Сиздерден бир сураныч, намаз окуп дуа кылаарда менин бир өтүнүчүмдү эстеп, Асель айыгып кетишин жараткандан сурап, бата кылып койсоңуздар. Жамаат менен тиленген баталар, Кудай жолунда жүргөн адамдардын батасы кабыл болооруна ишенем!
Асель, сен жашашың керек!
Дариа үчүн жаша! Нурлан армандуу ырларды ырдап калбаш үчүн жаша! Апаң үчүн, бир тууганың үчүн жаша! Нурлан экөөңөрдүн ыр түрүндөгү диалогуңар бүтө элек...
Булак: "Майдан.kg" газетасы