Ош облусунун облустар аралык бириккен ооруканасынын директору Талант Арстанкулов Ош шаарында эпидемиологиялык кырдаалдын курчушуна карата даярдыктар башталганын билдирди. 

"Учурда Ош облустар аралык бириккен ооруканасында 25-30 орун даярдалды, бирок бул жетишсиздик кылат. Менин оюмча бир оорукананы толугу менен бошотуу керек. Бирок бизде жана шаардык ооруканада тез жардамга муктаж болгон оорулуулар бар болгондуктан бошотуу мүмкүн эмес", - деди Арстанкулов.  

Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыялбек Ташболотовдун айтымында шаарда коронавируска чалдыккандарды жайгаштырууга ооруканаларда 305 орун даярдалды. Андан тышкары Ош гуманитардык университетинин жатаканасы жана жеке клиникалардын биринен да палаталар бөлүндү. Ошондой эле Оштогу балдар инфекциялык ооруканасында да 150 орун камдалат, учурда ооруканада капиталдык ремонт болуп жаткандыктан кийинкиге жылдырылган. Ал белгилегендей, медициналык кызматкерлер жетишсиз.  

ӨКМнын маалыматына караганда Оштун  сыртында чатырлар тигилип оорукана кейпине келтирүүгө аракеттер жасалып атат. Анда обсервация үчүн 165 орун камдалды, 80 орун оорулуулар үчүн, дагы алты чатыр дарыгерлерге тийиштүү. Андан тышкары мончо жана ашкана да жасалды.