Бул тууралуу саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда муну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине кабылгандардын жалпы саны 6261 адамга жетти.
2-июлга карата 87 адам коронавирус оорусунан сакайып, ооруканадан чыгарылды. Ошону менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2530 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 211 адам;
- Чүй облусунда 231 адам;
- Ош облусунда 6 адам;
- Ош шаарында 19 адам;
- Жалал-Абад облусунда 27 адам;
- Баткен облусунда 18 адам;
- Нарын облусунда 3 адам;
- Талас облусунда 1 адам;
- Ысык- Көл облусунда 10 адам.