Бурул Кушбек аттуу ишкер Бишкектеги жеке менчик мейманканасын убактылуу ооруканага айландырууга макул. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды.

"Өлкөдөгү абалды карап туруп кайдыгер боло албадык. Жолдошум Расул Айдаров, уулубуз Руслан Айдаров  болуп кеңешип ушул чечимге келдик. Орун жок деп больницалар албай жатат деген маалыматтар байма - бай чыгып жатат, эгерде муктаждык болсо биздин отелди да госпиталь сыяктуу пайдаланып турууга берели деп чечтик, канчалаган өмүрлөр сакталып, бир аз болсо да жеңилдик болот деген ишенимдебиз. Бириксек жеңебиз!" - деди Бурул Кушбек. 

Руслан Айдаровдун айтымында мейманкана учурда пандемияга байланыштуу иштебей турат. Ал жерде өздөрү жашап жатышат. 

Эске салсак Саламаттыкты сактоо министрлиги ооруканаларда орундар жетишпей жатканын, ИВЛ аппараты жана тез жардам унаалары да аз экенин айтып коңгуроо кагууда. Медицина кызматкерлери өлкөнүн ишкерлерине кайрылып, оорукана маселесин чечүү зарылдыгын айтып чыгышкан.