- Мен шайлоону адилет өткөрүүнү, бардык партияларга бирдей шарт түзүүнү келе жаткан учурдун эң актуалдуу маселеси деп эсептейм. Бардык партияларга карата бирдей шарттар түзүлөт. Эл арасында «тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен»- деген сөздөрдү угуп жатам.
Партия - жалпы коомдун бир гана бөлүгү.
Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Кимдир бирөө менен адам катары, адамгерчилик мамилем болушум мүмкүн. Бирок, Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок.
Менин тирегим - эл.
Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам. Бир Кудайга, анан элиме ишенем. Менде мына ушундай ички эркиндик бар. Алдыда келаткан шайлоодо мына ошол ички эркиндигиме таянып, баарына бирдей, калыс шарт түзүп берүүгө аракет кылам. Буюрса, шайлоодо жеңип келген партиялардын кимиси болбосун, мамлекеттин кызыкчылыгында чогуу иштегенге даярмын.
Шайлоонун таза өтүшү менден жана Өкмөттөн гана көз каранды эмес. Коомубуздун ачыктыгын пайдаланып, карандай калпты элге таңуулап, провокацияга баргысы келгендер да чыгат. Саясатчылардын мындай жоопкерсиздиги - мамлекетибиздин коопсуздугуна, элибиздин тынч турмушуна терс таасир этет. Шайлоону элдин жашоосуна бүлүк салбай, мамлекеттеги тынчтыкка кедерги тийгизбей өткөрүүгө милдеттүбүз. Элди бөлүүгө, коомдогу тынчтыкты, жарандардын укугун бузууга жол берилбестигин дагы бир жолу эскертем. Бардык саясий партиялар, саясий күчтөр муну эсиңерден чыгарбагыла.
Булак: "Майдан.kg" газетасы