Коронавирустун кулачы Бишкекке жайыла баштаган маалда элди бир жагынан илдет жүдөтсө, экинчи жагынан дары-дармектердин эки эселеп көтөрүлгөн баасы жүдөтүүдө. Коронавирус инфекциясына кабыл болгондо ичүү керек деген тизмедеги дары-дармектерди азыр баштагы баасында табуу мүмкүн эмес. Мисалы "Арбидол" буга чейин 350-370 сом турса, учурда 700 сомдон өйдө экенин соцтармактардын колдонуучулары жазышууда. Ал турмак айрым дарыканаларда бул дары 950 сомдон сатылып жатат. 

"Дары-дармектердин баасын ким көзөмөлдөйт? Фармацевтикалык компаниялардын ээлери силер адамсыңарбы, же жокпу? Өкмөт кайда карап отурат?" - деген суроолор соцтармактарда үстөккө босток бериле баштады. 

Элдин мүшкүлүнөн үч эсе көп акча иштеп калууну эңсегендер чын эле ким?