Турсунбай Бакир уулу ырчы Асель Кадырбекованын 13 күн дегенде комадан чыкканын кубануу менен кабыл алды. Ал элге соцтармактагы баракчасы аркылуу кайрылып, Кудайдан тиленүүлөрүн суранды.
"Кымбаттуу Нурлан Насип иним жана Аселдин жакындары, баары Аллах-Тааланын колунда, а дарыгерлер себепкер гана. Ошондуктан дуа, кылып Аллах-Тааладан Аселдин комадан чыгышын жана тез шыпаа беришин тынбай сурана берели! Дарыгерлерди Аллахым ошол жакшы ишке себепкер кылып берсин деп да сураналы.
Эмне үчүн ушул сөздөр менен силерге кайрылып жатамын? Башымдан өткөндүгү үчүн силерге да ошол оюмду айтууну туура көрдүм.
Үч жыл мурда уулум аябай катуу автокырсыкка учурап, Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунуна алып келинген. Бир бригада айрылган, үзүлгөн, сынган жерин тиккени, кошкону үлгүрбөй, хирургдардын экинчи бригадасын чакырышкан. Беш саатка жакын операциялар жасалды.
Акыры: «Ажы аке, биз дарыгерлер, колубуздан келгенди жасадык, эми калганы Аллахтан!» деп айтышкандан кийин реанимация бөлүмүнүн эшигинин астында 13 сутка күн-түн дебей ыйлап олтурдум.
Кудайга шүгүр, 13 күн дегенде комадан чыкты жана өзү дем алып баштады. Аллахыма чексиз мактоолор, шүгүрчүлүктөр болсун! Менин, үй-бүлөөмдүн, туугандарымдын, кайын журтумдун, досторумдун, тааныштарымдын, социалдык желелерде мен билген жана билбеген адамдардын дуаларын Аллахым кабыл алды.
Ошондуктан силерди да ишендирип кетейин: Аллах-Тааладан күнү-түнү «Аселди кайтарып бер» деп сурана берели! Биз үй-булөөбүз менен кырсыкты уккан күндөн баштап Аллахымдан Аселге шыпаа тилеп, тынбай суранып келип жатабыз. Аллахым сөзсүз угат, сөзсүз жардам берет! Нурлан иним, сен үчүн, кызыңар үчүн Асель жашап кетет. Биз силер мененбиз!", - деп жазды.
Эске салсак ырчы Асель Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, оор абалда оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.