Бул тууралуу социалдык тармактарда кабарланды. Маалыматка ылайык, ооруканага УКМКнын кызматтарынын коштоосу менен кирген. Бирок врач менен эле жолуктуруп, Атамбаевге жолуктурбай койгон.
Эске салсак, 29-июнда А.Атамбаевге "эки тараптуу пневмония" деген диагноз коюлуп, ооруканага жаткырылган.
Булак: media-center.kg