Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, шайлоо санитардык талаптарды сактоо менен өткөрүлүп жатат. Бир күн мурун шаардык кеңештин имараты толук дезинфекцияланган. Добуш берүүгө катышуучулардын баары медициналык беткап менен мээлей кийип, 1,5-2 метр аралыкты сактоого тийиш. Имаратка кире бериште жана бюллетень берилүүчү жайга санитайзер коюлуп, катышуучулардын дене табы өлчөнүүдө.
Добуш берүү саат 9:00дө башталган. 12:00дө аяктайт.
Мэрликке жалгыз талапкер – Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) шаардагы өкүлү Адыл Лолобаев.
Добуш берүү жашыруун жүргүзүлүп жатат.
Кара-Суу шаардык кеңешинде 31 депутат бар. Шайлоону Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясы жүргүзүүдө.
Кара-Суу шаарынын мурдагы мэри быйыл 2-мартта өз арызынын негизинде кызматтан бошотулган. БШК шайлоону 25-мартка белгилеген. Пандемияга байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилгенден кийин шайлоо белгисиз мөөнөткө жылдырылган.
БШКнын 26-июндагы чечими менен Кара-Суу шаарынын мэрин шайлоо 1-июлга дайындалган.
Булак: Азаттык