Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын «Жалалабатгаз» филиалы билдиргендигин, шаардык мэриядан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Барпы-Сейил көчөсү, Мельничный, Банный, Кирпичный, Кустарный, Родниковый, Горный, Курортный, Комсомольский, Спортивный, Дехканский, Первомайский кууш көчөсү, Ленин көчөсүнүн курорт жактан Барпы-Сейил көчөсүнө чейинки аралыкта газ берүу токтотулат.
“Бул аймактарда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Андыктан жаралган ыңгайсыздыкты түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: Кабар