Бирок 30-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант берген учурда сүйлөгөн сөзүндө азырынча карантин киргизилбей тургандыгын билдирди.
Мамлекет башчы эпидемиологиялык кырдаалга кайрылып, “азырынча чектөөлөр аркылуу абалды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк бар” деп, кайрадан карантин киргизип, кырдаалды күч менен көзөмөлдөө азырынча зарыл эместигин белгиледи.
Ошол эле мезгилде президент өзгөчө абал режими, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин тескерисинче оору күчөп кеткенин ага жоопкерчиликтүү мамиле жасалбай жатканы менен байланыштырды: “Чектөөлөр алынгандан кийин оору күч алып, медицина кызматкерлеринин буга чейинки кылган ишин жокко чыгара турган деңгээлге чейин жеттик. Буга айрым саясатчылардын “оору жок, бул бийликтин саясаты” деген жалган сөзүнө ишенип алган кээ бир мекендештерибиздин ооруга жоопкерчиликсиз мамиле кылуусу негизги себеп. Базарларда, соода борборлорунда жана башка коомдук жайларда адамдар санитардык талапты сактабай жүрүүсү күчөдү”.
Президент ошондой эле өлкөдө аш-тойго уруксат берилбесе да, көп киши чакырып аш-той өткөргөндөр болуп жатканы белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык деп атады.
Сооронбай Жээнбеков ошондой эле жалпы элди коронавирус илдетинен сактанууга, медицина жана башка тиешелүү органдардын кызматкерлеринин күнү-түнү иштеп, кылган аракеттерин сыйлоого чакырды.
Булак: "Майдан.kg" газетасы