Ош облусунун Кара-Суу районундагы Фуркат айылын тургуну 1985-жылы туулган К.А. аттуу жарандын үйүнүн мал сарайынан АКС-74, АКС-74У жана АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралдарына таандык болгон 2 даана кутуча (магазин) жана 5.45 мм калибрдеги  51 даана ок дарылары табылып, мыйзамсыз сактап жүргөн жеринен алынды.
Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдиргендей, бул куралдар 2020-жылдын 20-июнь күнү Ош облустук ИИБдин милициянын криминалдык кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде табылды.

Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында 2010-жылы июнь айындагы окуялар учурунда белгисиз жарандар тарабынан Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлеринен тартылып алынган курал жарактарды кайтарып алууга багытталган ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну «А» аттуу жаран белгисиз үлгүдөгү ок дарыларды сактап жүргөндүгү боюнча маалымат келип түшкөн.

Ошол эле күнү Кара-Суу районун Мады айылынын тургуну  1976- жылы туулган Т.Ж. 1979-жылы өндүрүштөн чыгарылган АК-74 үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 2 даана магазинин өз ыктыяры менен укук коргоо органдарына өткөрүп берген.

Бул фактылар ЖКнин 253-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тийиштүү экспертиза дайындалды жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө. Алынган курал жарактар кайсы аскердик бөлүккө таандык экендиги такталууда.

Булак: media-center.kg