Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн маалымат жыйында билдирди.
Ушуну менен Кыргызстанда коронавирус илдетине чалдыккандардын жалпы саны 5735 адамга жетти.
Ал эми, акыркы сутка ичинде 73 адам коронавирус оорусунан дарыланып ооруканадан чыгарылды.
Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккандардын саны 2443 адамды түздү.
Жаңы катталган учурлар:
- Бишкек шаарында 195 адам;
- Чүй облусунда 175 адам;
- Ош облусунда 5 адам;
- Ош шаарында 5 адам;
- Жалал-Абад 24 облусунда адам;
- Баткен облусунда 13 адам;
- Нарын облусунда 10 адам;
- Талас облусунда 12 адам.