Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлгөн. Анын алкагында экстремизм багытында ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер жүргүзүлүп, буга чейин ачылган сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жиберилген.

Окуянын чоо-жайы:

Июнь айынын башында Базар-Коргон районунун “И” аттуу тургуну социалдык тармакта элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жүргөндүгү тууралуу маалымат алынган. Аталган факты 315-берене (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Базар-Коргон районунун 2001-ж.т. тургуну Д.И. элдерге “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымынын идеологиясын үгүттөп жаткандыгы аныкталып, анын “Инстаграм” социалдык баракчасынан алынган буюм далилдерге диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.

Шектүү Д.И. жасаган кылмыш ишине өкүнүп жаткандыгын ачыктап видео кайрылуу жасаган. Ал “Хизбут-Тахрир” диний-экстремисттик агымынын идеологиясы туура эместигин, мындан ары мындай материалдарды таратпай тургандыгын билдирген.

Бул факты милиция тарабынан толук тергелип бүтүп, “Нелегал” операциясынын алкагында Базар-Коргон райондук сотунун кароосуна бүгүн, 30-июнда жөнөтүлгөн.

Булак: media-center.kg